www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын эки жолку Баатыры, Россия Федерациясынын Баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолукту.

Шаар башчысы космонавттын жетишкен ийгиликтери менен өзгөчө сыймыктанарын белгилеп, анын бул тармактын өнүгүшүнө кошкон зор салымын баса белгиледи.

«Биз сиздей инсандар менен сыймыктанабыз. Сиздер өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болосуздар. Бишкек — ар бир адам өз мүмкүнчүлүгүн ачып, бийик жетишкендиктерге жете ала турган мүмкүнчүлүктөрдүн шаары», — деп белгиледи мэр.

Анын жетишкендиктерин эске алуу менен Айбек Джунушалиев Салижан Шариповго эстелик белегин - Бишкек шаарынын  мэриясынын баалуу кол саатын тапшырды.

Маалымат үчүн: Салижан Шакирович Шарипов алгачкы космоско учуусун 1998-жылдын 23–31-январында МТКК «Индевор» кемесинде STS-89 программасы боюнча учуу адиси катары ишке ашырган. Экинчи учуусу 2004-жылдын 14-октябрынан 2005-жылдын 25-апрелине чейин болуп, анда ал Эл аралык космос станциясында борт-инженер жана «Союз ТМА-5» транспорттук кемесинин командири болгон. Бул миссиянын жүрүшүндө ал жалпы узактыгы дээрлик 10 саатты түзгөн эки жолу ачык космоско чыккан. Жалпы жонунан ал космосто 201 күн болгон.

 

Последние новости