www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиясынын падышасы Салмандын алыскы тууганы болгон саудиялык ханзадалардын бири өткөн жылдын ноябрь айында Лондондогу кымбат мейманканада каза болгон. Бирок бул тууралуу маалымат эми гана коомчулукка белгилүү болду. Telegraph басылмасынын маалыматына ылайык, анын өлүмүнө баңгизаттын ашыкча дозасын алкоголь менен кошо колдонуу себеп болгон.
29 жаштагы ханзаданын сөөгүн Кенсингтон районундагы Marriott мейманканасынын кымбат номериндеги дааратканада пол жуучу кызматкер тапкан. Маалыматтарга караганда, маркумдун канынан көп өлчөмдө алкоголь жана баңгизат заттары аныкталган.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ханзада баңгизаттан көз каранды болуп келгени белгилүү болгон. Ал өлөрүнө үч ай калганда Лондондогу абройлуу клиникалардын биринде дарылануудан өткөн. Экспертизанын жыйынтыгында анын өнөкөт оорулары жок экени аныкталып, өлүмүнө баңгизат менен алкоголду бир учурда колдонгондон улам жүрөктүн токтоп калышы себеп болгону белгиленген.
Каза болгон адам Абдулла бин Фахад бин Абдулла бин Абдулазиз бин Жалави Аль Сауд экени аныкталган.