www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Сауд Арабиясындагы Кыргызстандын элчилиги күчөтүлгөн режимге өттү.
Бул тууралуу элчи Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, президенттин жана ТИМдин тапшырмасы менен падышачылыкта жүргөн кыргызстандыктардын коопсуздугу үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүүдө. Элчилик студенттер, умра зыяратчылары жана убактылуу жашап жаткан жарандар менен түз байланышта.
Муфтият, Дин иштери боюнча улуттук агенттик жана кыргыз жамааты менен биргеликте ыкчам штабдар түзүлүп, зыяратчыларга жардам көрсөтүү иштери координацияланууда.
Учурда:
• Сауд Арабиясынын аэропорттору туруктуу иштеп жатат;
• ички каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө;
• айрым эл аралык рейстер кыскарганы менен, саудиялык авиакомпаниялар график боюнча уча берүүдө;
• Бахрейндеги 35 кыргыз жараны менен да туруктуу байланыш бар.
«Абалды тынымсыз көзөмөлдөп жатабыз. Кооптуу жагдай жаралса, дароо маалымдап, чара көрөбүз», - деди элчи.
Шашылыш байланыш: +966583769945