www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиясында Ажылык иштери боюнча министрлик кичи ажылык зыяратчылары үчүн жаңы көп жолку виза киргизилгенин жарыялады.
Жаңы виза берилген күндөн тартып 1 жылга жарактуу болот жана зыяратчыларга Сауд Арабияга бир нече жолу келүүгө мүмкүндүк берет, бирок өлкөдө жүрүү мөөнөтү жалпы 90 күндөн ашпашы керек. Ошону менен бирге, жаңы виза ажылык мезгилинде иштебейт.
Сауд маалымат агенттиги билдиргендей, бул кадам зыяратчылардын келишин жеңилдетүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууүчүн жасалды.
Зыяратчылар жаңы визаны ар бир сапарда Nusuk Umrah платформасы аркылуу аккредиттелген оператордон кичи ажылык кызматтарын сатып алган шартта гана колдоно алышат. Платформа зыяратчыларга виза алууну, турак жай, транспорт жана авиабилет брондоону сунуштаган портал катары сунушталат.
«Министрлик жаңы виза сапар пландоонун ийкемдүүлүгүн жогорулатарын белгиледи», - деп кошумчалады «SPA».
Зыярат аяктап, өлкөдөн чыгып кеткенден кийин виза деактивацияланат. Аны белгиленген жөнгө салуучу талаптар аткарылгандан кийин, кийинки сапарда кайра активдештирүүгө болот. Ажылык мезгилинде виза активдүү болбой калат.
2026-жылдын башынан бери Сауд Арабиясы кичи ажылык визасы менен 931 500 зыяратчыны кабыл алды, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,5% көп. Зыяратчылардын көбү Пакистан, Индонезия жана Ирактан келет.