www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген тартип боюнча, сатуудан алынуучу салык жана бирдиктүү салык боюнча салыктык милдеттенменин пайда болуу датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн жеткирүү күнү, контролдук-кассалык чек берилген күн же төлөм алынган күн саналарын эскертет (бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша).

Алдын ала алынган төлөм товар жүктөлө элек же кызмат көрсөтүлө элек болсо да, ал иш жүзүндө алынган отчеттук мезгилде дароо салык салынуучу базага кошулат.

Сатуудан алынуучу салык боюнча салык салуунун объектиси болуп накталай же накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, иштерди же кызматтарды сатуу эсептелгендиктен, алдын ала төлөмдөр да алар түшкөн учурда отчетко киргизилет.

Ошентип, бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык боюнча отчеттун түшкөн кирешенин көлөмү көрсөтүлүүчү саптарында отчеттук мезгил ичинде түшкөн бардык каражаттар, анын ичинде алдын ала төлөм да кошулуп көрсөтүлөт.

Последние новости