www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салмагың кандай саясатчы?
Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз – Иса Өмүркулов.
Кыргыз саясатында “бийлик менен бирге гүлдөп, бийлик кеткенде куураган” көрүнүш өтө кеңири. Иса Өмүркулов ошол көрүнүштүн эң жандуу мисалдарынын бири десек аша чапкандык болбойт. Алмазбек Атамбаевдин доорунда анын жылдызы жанып, “ити чөп жеген” учурду башынан өткөрдү. Мамлекеттик саясий айдыңда эң ишенимдүү кадрлардын бири катары ташы жогору кулап, түкүрүгү жерге түшпөй турду.
Бирок тарых ар кимге сыноо берет. Атамбаев бийликтен кеткенде, Өмүркуловдун жүзү өзгөрдү. Дароо 180 градуска бурулуп, жаңы бийликтин эгеси болгон Сооронбай Жээнбековдун короосунан төбөсү сорок этти. Эл бул көрүнүштү “ичкен кудугуна түкүрүү” катары баалады. Элдин эсинде мындай кадамы аркылуу саткынчылыктын белгиси катары калды.
Арийне, Өмүркуловдун уулунун катышуусундагы автокырсыкта төрт адамдын өмүрү кыйылган трагедия дагы элдин жүрөгүн ооруткан. Бирок ошол кырсыктын артынан адилеттик күтүлбөй, иш саясий калканчтын көлөкөсүндө калды. Бул окуя коомчулуктун Өмүркуловдорго болгон ишенимин таптакыр жоготту.
Бүгүнкү күндө Иса Өмүркулов коомдук-саясий талаада дээрлик көрүнбөйт. “Критке кетти” десек жарашат. Элдин ишеними эчак өчкөн. Бул коомдун моралдык өкүмү. Мындай көрүнүш башкаларга чоң сабак болчу күзгү.