www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул дүйнөлүк иш-чаранын алкагында Исаков "Линейдик эмес дүйнө үчүн экспоненциалдык чечимдер" сессиясында сөз сүйлөдү. Аталган сессиянын ишине "Microsoft", "HP", "UPS" сыяктуу жана башка дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Сессиянын жүрүшүндө компаниялардын санариптик өзгөрүүлөрү боюнча аналитикалык маалыматтардын орду талкууланды.
Өз сөзүндө өкмөт башчы катышуучуларга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация боюнча программаны ишке ашыруу, анын ичинде санариптик өкмөт, санариптик билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка долбоорлор, ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарларында "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.Давос курортунда дүйнөлүк экономикалык форум ушул жылы 48-ирет өткөрүлүп жатат.
Эскерте кетсек, Сапар Исаков жетекттеген делегация 22-январда Давоско барышкан, алар Кыргызстанга бүгүн кайтышат.
Булак: NazarNews.kg