www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда өлкө аймагына эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктап, анын алдын алышты.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө товардык коштомо документтери жок чарбалык товарларды ташып бара жаткан Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн жалпы наркы болжол менен 3 миллион сомду түзөт.

Учурда тиешелүү материалдар толугу менен чогултулуп, кошумча текшерүү жүргүзүү жана мыйзам чегинде процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Текшерүү иштери уланууда.

Последние новости