www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы өзгөрө турган болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин бүгүн, 4-апрелдеги жыйынында бул комиссияны жетектөөдөн баш тартып, комиссиянын курамын да өзгөртүүнү сунуштады. Комиссияны жетектөөдөн баш тартуусунун себебин маселени өзү көтөрүп чыкканы менен байланыштырды.

Ал эми комиссиянын курамындагы депутатардын баары түштүк аймактан экенин белгиледи. Жыйынтыгында депутаттар бир добуштан бул сунушту колдошту.

Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге, анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кайрылуу жасаган.

3-апрелде түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы:

Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат округу),

- Жалолидин Нурбаев (Араван округу),

- Гүлшаркан Култаева («Ата Журт—Кыргызстан»)

- Шарапаткан Мажитова («Ынтымак»),

- Айсаракан Абдибаева («Ишеним»),

- Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»),

- Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»),

- Нилуфар Алимжанова («Альянс»).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости