www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 9-мартында КР Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун төрагалыгы алдында жумушчу кеңешме өтүп, анда 2025-жылдагы анестезиология жана реанимация кызматынын ишмердүүлүгү талданып, кызматты мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар каралды.
Негизги баяндама менен Саламаттык сактоо министрлигинин анестезиология жана реаниматология боюнча башкы штаттан тышкаркы адиси, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Жылдыз Деркембаева чыкты. Жыйындын жүрүшүндө кызматтын ишинин негизги көрсөткүчтөрү, кадрдык камсыздалышы, медициналык уюмдардын жабдылышы жана адистер туш болуп жаткан негизги көйгөйлөр тууралуу маалымат берилди.
Кызматтын маалыматына ылайык, өлкөнүн медициналык уюмдарында 538 анестезиолог-реаниматолог дарыгер жана 1161 медайым эмгектенет, ошондой эле анестезиология, реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө 733 керебет иштейт. 2025-жылы республика боюнча хирургиялык кийлигишүүлөр жана медициналык процедуралар учурунда 105 миңден ашуун анестезия жасалып, реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө 95 733 бейтап дарыланган.
Талкуу учурунда кеңешменин катышуучулары анестезиология-реанимация кызматы саламаттык сактоо системасынын негизги звенолорунун бири экенин белгилешти. Бул кызмат операциялык бөлмөлөрдүн ишин камсыздап, оор абалдагы бейтаптарды дарылоону жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылат.
Ошол эле учурда бир катар көйгөйлүү маселелер да айтылды. Тактап айтканда, айрыкча региондордо адистердин жетишсиздиги, иштеп жаткан дарыгерлерге жүктөмдүн жогору болушу, ошондой эле кадрларды даярдоону күчөтүү жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү системасын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
Өзүнчө көңүл медициналык жабдууларды камсыз кылуу жана пайдалануу маселелерине бурулду. Адистердин айтымында, айрым медициналык уюмдарда заманбап аппаратура бар, бирок жабдуулардын бир бөлүгү техникалык тейлөөнү, оңдоону талап кылат же сарпталуучу материалдарынын жетишсиздигинен жана персоналдын жетиштүү даярдыгынын жоктугунан толук колдонулбай жатат.
Ошондой эле реанимация бөлүмдөрүнүн ишин мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, отчеттуулук системасын өркүндөтүү жана медициналык техниканын техникалык коштоосун жакшыртуу маселелери талкууланды.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов анестезиология-реанимация кызматын өнүктүрүү саламаттык сактоо системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи, анткени дал ушул кызмат эң оор бейтаптарды дарылоону камсыздап, хирургиялык жардамдын үзгүлтүксүз иштешин колдойт.
Кеңешменин жыйынтыгында министр Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди: региондор боюнча анестезиология-реанимация кызматынын кадрдык камсыздалышына комплекстүү талдоо жүргүзүү жана адистерди даярдоону жана кайра даярдоону күчөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; медициналык уюмдарда жогорку технологиялуу медициналык техниканын натыйжалуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыз кылуу; реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн ишине мониторингди күчөтүү.