www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 28-июлунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын Король Абдалланын Гуманитардык фондунун башкы аткаруучу директору доктор Абдулазиз бин Фахад Аль-Анкари жетектен делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу жана Normeca AS компаниясы менен өнөктөштүктө Король Абдалла атындагы жардам берүү программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан мобилдик мульти-диагностикалык клиника долбоорунун ишке ашырылышын талкуулашты.
Саламаттык сактоо министри Ислам өнүктүрүү банкына жана Normeca AS компаниясына долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Долбоор ишке кирген 2021-жылдын ноябрь айынан бери алыскы аймактардын жана айыл тургундарынын адистештирилген медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн кыйла кеңейтти. Бул мезгил аралыгында мобилдик клиника 171 миңден ашуун бейтапка медициналык жардам көрсөтүп, 587 миңден ашык консультациялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүздү.
Дамир Осмонов мобилдик мульти-диагностикалык клиника Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгонун белгиледи. Долбоор калкка адистештирилген дарыгерлердин акысыз консультацияларын, заманбап диагностикалык текшерүүлөрдү жана зарыл болгон дары-дармектерди алууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Жолугушууда долбоордун мындан аркы туруктуу ишин камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министр Саламаттык сактоо министрлиги мобилдик клиниканы ведомствонун балансына өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда бул процесс уюштуруучулук, каржылык, техникалык жана кадрдык маселелерди толук чечүү үчүн кошумча убакытты талап кылат. Анын ичинде инженердик-техникалык адистерди даярдоо, ченемдик базаны түзүү жана туруктуу мамлекеттик каржылоону камсыздоо каралууда.
Ушуга байланыштуу кыргыз тарап Ислам өнүктүрүү банкына долбоорду каржылоону дагы эки жылга узартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Министрдин айтымында, бул мобилдик клиниканын үзгүлтүксүз ишин камсыздоого, калк үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн сактоого жана долбоорду Саламаттык сактоо министрлигинин системасына этап-этабы менен өткөрүүгө шарт түзөт.
Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы мындан аркы өнөктөштүк өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого жана жаңы социалдык маанилүү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.