www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сайпидин Султаналиев, бир өңчөй "К" тамгасы менен кыргыздарга КАЙРЫЛУУ жасады...

"Кыргызстан" кораблинин "капитаны" кыргыз калкына кайрылуу кылып, капсалаңдуу карөзгөй короновируска каршы карантин киргизээрин кабарлады. "Капитан" кубанганынан курч кырдаал киргизбеди. Кыргызды каратумоодон коргоп калуу камын көрдү.Кашайып калгыр корона калкты кырып койчудай каарданат.

Кагылайындар!

Капыстан Кыргызстаныбызды качырып кирип келген каратумоого коллективдүү каршылык көрсөтөлү! Кылымдарды карыткан калың кыргызым кандай күндөрдү кечирбедик. Калмактар, кытайлар катылганда катыгын колуна карматып келгенбиз. Капсалаңдуу короновирусту кадыресе көрүнүш катары кабылдабай, калкымды каптаган караңгылыкка кемсинип кол куушурбай, калың кыргызды калкалайлы, карантүнгө кабылбай кайраттанып, кыраакылыкты көрсөтүп, колдон келген каражатты камдап, катуу куралданып, короновирусту Кыргыз калкына кайрылып келгис кылып кууйлу! Күрөшпөй коюп, кийин короздой кыйкырып, кокуйлап кейип-кепчип калбайлы. Кудайым колдогон каамырабас кыргыз калкым, кырдаал катуу! Кашайгырдан канткенде кутулабыз?

Кантип кутулуунун камын көрөлү. Калысттык кылалы. Кол кармашып кесипкөй, күжүрмөн кызматкерлерди колдоп, көмөктөшөлү. Көчүгүңөрдү кысып, көп койкоңдоп, көчөдө каңгыбай, колуңарды кирдетпей, келбетиңерди кездемелеп, корооңордо, квартираңарда калганыңар коомго көмөк. Киргизилген карантинди колдобой, камырабай калаада каңгып, куда-кудагыйыңды, кыз-кыркыныңды кыдырып кетсең кокустан карөзгөй короновируска кабыласың. Каратумоо кыргыздын кыйындыгына, кенебестигине карабайт. Кашайтып коет! Кийин кайгырып каласың. Кээ бир кесиптеш калемгерлер Кдан куралган кабарымды керкакшыкка калтырып келекекелегенди коюп, кайрылууну кулагыңа куй! Кеменгер кыргызым, катуу кетсем кечирип койгула. Кыргызстанымды Кудай колдосун!,  деп жазган Сайпидин Султаналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости