www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга 24-25-апрелде болгон мамлекеттик сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сапардын алгачкы күнү Баку шаарында "Зугульба" резиденциясында Жапаров менен Азербайжандын жетекчиси Илхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. 

Андан соң эки өлкө президенттери тар курамда сүйлөштү. Анда соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара кызматташууну тереңдетүү талкууланды. Тар курамдагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери Мамлекеттер аралык кеңештин II жыйынын өткөрүштү.

Жапаровдун Азербайжанга сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости