www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарында окуу акысынын жогорулашына мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2026-2027-окуу жылында билим берүү уюмдары Кыргызстандын жарандары үчүн окуу акысын жогорулатууга укугу жок. Мораторий бардык окуу жайларга, алардын уюштуруу-укуктук формасы жана статусуна карабастан жайылтылат.

Бул чара билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, жарандарды социалдык жактан коргоону күчөтүү, ошондой эле билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашырууга багытталган.

Министрлер кабинетине жарлыкты аткаруу үчүн зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Анын аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына, ошондой эле президенттин администрациясына жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости