www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 24-июлда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргызстандын мамлекет башчысы өзбек лидерин 69 жашка толушу менен куттуктап, ага бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаров Өзбекстанда Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформаларды белгилеп, алардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалады.

Ошондой эле президент эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирип, анын Борбор Азиядагы аймактык байланыштарды чыңдоодогу ролун белгиледи.

Мамлекет башчысы Бишкекте “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” китебинин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачары өткөнүн эске салды.

Тараптар кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн өнүгүүсүн белгилеп, эки элдин кызыкчылыгы үчүн жаңы долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууну улантууга даяр экенин билдиришти.

Последние новости