www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров кыргызстандык православдарды Пасха майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчынын куттуктоо тексти:
«Кымбаттуу мекендештер!
Урматтуу Кыргызстандын православдык жарандары!
Сиздерди жаркыраган Пасха майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Христиандардын бул ыйык майрамы жашоонун салтанатын, ишенимди, жакшылыкты жана кайрымдуулукту символдоштурат. Ал өзүнө терең руханий баалуулуктарды камтып, адамдарды жаратууга шыктандырат, үмүттү бекемдейт жана тынчтыкка, ынтымакка умтулууну күчөтөт.
Ар кыл улуттардын жана диндердин өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара сыйлашуу жана толеранттуулук салттары тарыхый калыптанган Кыргыз Республикасында Пасха — православдык христиандар үчүн гана маанилүү окуя болбостон, диндер аралык диалогдун, биримдиктин жана жарандык тилектештиктин баалуулугун эске салган маанилүү күн.
Мамлекет туруктуу негизде дин тутуу эркиндигин камсыз кылууга, коомдук ынтымакты чыңдоого жана элибиздин руханий ар түрдүүлүгүн сактоого багытталган саясатты жүргүзүп келет. Биз мындан ары да өз ара түшүнүшүүнү, маданий жана диний каада-салттарды сыйлоону өнүктүрүүгө, ошондой эле этностор аралык тынчтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани беребиз.
Бул жаркыраган майрам үйүңүздөргө кубаныч, жылуулук жана бакубатчылык алып келсин, тынчтык, ынтымак жана эртеңки күнгө ишеним тартууласын.
Сиздерге бекем ден соолук, бакыт жана амандык каалайм!
Пасха майрамыңыздар менен!»