www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз сому эми өзүбүздөн басылып чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз — сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек. Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык", — деп билдирди мамлекет башчысы.
Президенттин айтымында, Кыргызстан акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган тийиштүү эл аралык сертификатка ээ болду.
"Мындан тышкары, улуттук документтерибиз: жалпы жарандык паспорт, ID-карта, айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспортун ж.б документтерди жогорку сапатта чыгарып жатабыз. Башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар эле ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүүгө даярбыз. Бүгүнкү күндө бир нече мамлекеттин буйрутмасын алып жатабыз. Колубузда сертификатыбыз тургандыктан, албетте, коргоо элементтери да жогорку деңгээлде болот. Башкача айтканда, документти жасалмалоого мүмкүн эмес. Ал эми баасы болсо жеткиликтүү болот", — деп жазды Садыр Жапаров.