www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМКлардын жазганына караганда, Москвада жана Россиядагы бир катар ири шаарларда "Крокус сити холлдогу" абалдан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Москва менен Подмосковьеге кирип чыккан жерлерде атайын коопсуздук кийимдери менен жабдылган Жол кайгуул кызматынын инспекторлору күчөтүлгөн режим менен иштеп, абалды тыкыр көзөмөлгө алып жүргөнүн Биринчи канал билдирди.

Москванын аэропортторунда коопсуздук чаралары катуу сакталып, Россиянын Транспорт министрлиги жүргүнчүлөрдөн аба майдандарына, автобекеттерге эртерээк келүүнү суранды. Аталган жайларда абал тынч;

Кызыл аянтка өткөн жер жабылганын РИА Новости кабарлады;

Москванын метролорунда Транспорт коопсуздугунун кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн сумкаларын текшерип жатат, чогулган эл жок;

Москвадагы алдыңкы театрлардын жетекчилери бул дем алыш күндөрү спектаклдерге билет сатууну токтотуу чечимин кабыл алгандыгын билдиришти;

"Известия" Москва, Петербург, Чеченстан, Татарстан, Воронеж, Тула, Тверь облустарында жана Россиянын көп аймактарында өтө турган массалык иш-чаралар токтотулганын кабарлады;

"Россия" көргөзмө-форуму да 23-24-мартта иштебей турган болду.

Сочидеги маанилүү объектилерде да коопсуздук сактоо катуу көзөмөлгө алынды.

Эске салсак, 22-мартта "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. Андан каза болгондор 60тан кем эместигин, бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүндүгүн Россиянын Тергөө комитетинен билдиришти. Ооруканаларда учурда 115 адам болсо, алардын бешөө балдар экени айтылды. 60 кишинин абалы өтө оор. Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

 

Последние новости