www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясы жакынкы күндөрү убактылуу кармоочу жайларда кармалып турган 15 кыргыз жаранын мекенине кайтарат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышты. Борбордо учурда Кыргызстандын 40 жараны кармалып турат. Консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугуп, юридикалык кеңештерди беришти.
Кармалган жарандардын ичинен 15и жакынкы арада аба каттамдары аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлөт.
Башкы консулдукка «Асбестовский» бөлүмүндө кармалып турган жарандардан да кайрылуу түшкөн. Текшерүү учурунда ал жерде дагы 8 кыргызстандык бар экени аныкталды.