www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Меридиан» ден соолукту чыңдоо лагерине жайкы эс алууга жөнөттү.

Балдарды узатуу иш-чарасына министрдин орун басары Камчыбек Досматов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы миграция маселелери жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улан Ногойбаев жана «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун директору Гульнара Дербишева катышты.

Демилгенин негизги максаты — чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын балдарынын Кыргызстан менен байланышын бекемдөө, улуттук баалуулуктарын сактоо жана аларды өлкөнүн маданияты, тарыхы жана каада-салты менен жакындан тааныштыруу.

Эс алуу учурунда балдар үчүн спорттук, маданий жана таанып-билүү иш-чаралары уюштурулат. Ошондой эле алар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий жана этнографиялык иш-чараларга катышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, программа балдардын өз ара баарлашуусуна, жаңы досторду табуусуна жана мекенинин тарыхы менен маданий мурасын жакындан таануусуна шарт түзөт.

Последние новости