www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан Россия Федерациясынын Сахалин облусундагы Түштүк-Сахалинск шаарында массалык башаламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды жасагандыгы үчүн Кыргызстандын жараны кармалды.
Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандык") боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, "Instagram" социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу, 1993-жылы туулган Кыргызстандын жараны З.у.К. мамлекеттик/мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Тактап айтканда, З.у.К. өлкөдөн тышкары жүрүп, массалык башаламандыктарды уюштурууга жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга же басып алууга чакырган билдирүүлөрдү камтыган, бир тараптуу жана чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды системалуу түрдө жарыялап турган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында З.у.К. Россия Федерациясынын аймагында кармалып, Кыргыз Республикасына жеткирилди.
Өзүнүн жасаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында, З.у.К. купуялуулук жөндөөлөрүн колдонуп, ойдон чыгарылган жеке маалыматтарды пайдаланган.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда. Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилди.