www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Иран жана башка кызыкдар өлкөлөр менен биргеликте санкциялык басымды эл аралык турмуштан жоюуга багытталган аракеттерин улантат.

Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди, деп жазат россиялык ЖМКлар.

Анын айтымында, Россия БУУнун Уставына каршы келген бир тараптуу жана мажбурлоочу чараларды колдонуу практикасын кабыл албайт.

Захарова брифинг учурунда Москва Ирандык кесиптештери жана бул маселеге кызыкдар башка мамлекеттер менен биргеликте санкциялык басымга байланыштуу демилгелерге каршы аракеттерди координациялай турганын белгиледи.

Ал ошондой эле Россия пикирлеш өлкөлөр менен бирге санкцияларды саясий жана экономикалык басымдын куралы катары колдонуу практикасын жоюу боюнча иш алып барарын айтты.

Бул билдирүү АКШ бийлиги Иранга жана аны менен экономикалык кызматташкан өнөктөштөргө карата жарыялаган жана буга чейин киргизген «экинчи даражадагы санкцияларга» байланыштуу берилген суроого жооп учурунда айтылды.

Последние новости