www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбург шаарында Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Бул окуядан кийин социалдык тармактарда "тажиктерди жазалоо жөнүндө" терс чакырыктар тарай баштаганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-июлда кыргыз жана тажик улутундагы белгисиз адамдар Москванын аймагындагы коомдук жайда массалык түрдө мушташкан.

"Жогорудагы факты Москва шаары боюнча ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү 213-берененин 2-бөлүмү ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Москва шаары боюнча экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгы тажиктер жана кыргыздар тарабынан ар кайсы мессенжерден укукка каршы иш-аракеттерди жасоого чакырган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде текшерүүнү баштаган. Аталган факты боюнча шектүү катары 9 Кыргыз жараны жана Тажикстандын 9 жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан улуттар аралык чыр-чатакты болтурбоо боюнча алдын алуу-түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости