www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-мартта “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Мыйзам долбоору боюнча  парламенттик угуу болот.

Иш-чара Жогорку Кеңештин жыйындар залында, саат 11:00дө өтөт.

Бүгүнкү күндө колдонуудагы мыйзамдардын нормаларына ылайык Жогорку Кеңеш бюджеттердин долбоорлорун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүү, кароо жана бекитүү маселелерин бир эле учурда кароого аргасыз болуп жатат. Мындай жагдай Жогорку Кеңешке көпчүлүк учурда бюджеттердин долбоорлоруна жана бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетторго толук кандуу талдоо жүргүзүү үчүн убакыт жетишпей жаткандыгына алып келүүдө. Натыйжада республиканын парламенти Өкмөт тарабынан киргизилип жаткан бюджеттин долбооруна жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчетко карата өзүнүн иштелип чыккан сунушун берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой жатат.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору демилгечи тарабынын кароого киргизилүүдө, ал бюджеттин аткарылышын кароону жана жаңы бюджетти түзүүнүн тартибин белгилейт, бул учурда бул эки процесс ар кандай учурда жүргүзүлөт, ал Жогорку Кеңеш тарабынан бюджеттин аткарылышы жана түзүлүшү боюнча маселелерди толук кандуу кароо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Мыйзам долбоору Жогорку Кенештин расмий сайтына 14.02. 2019-ж.  киргизилген: http://kenesh.kg/ky/article/show/4933/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-14-fevralya-2019-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-vnesenii-izmeneniy-v-byudzhetniy-kodeks-kirgizskoy-respubliki

Катышуучуларды каттоо үчүн байланыш түйүнү: 63-88-30, факс 0312-63-87-81, эл.дарек: [email protected].

Булак: NazarNews.kg

Последние новости