www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-августка белгиленген Путин менен Трамптын жолугушуусу жакшы маанайда өтүп, лидерлер Аляскадан көңүлү ток кетишти. Трамп белгилегендей, макулдашуу болгон жок, бирок экинчи сүйлөшүүгө эшик ачылды. Бул тынчтыкка жетүүнүн даярдыгы десек болот.
АКШ президенти Украинадагы согушту токтотуу үчүн Москванын талабын угуп, үчүнчү тараптар менен макулдашмак болду. Натыйжада, Путин менен Зеленскийдин жолугушуусунан кийин согуштун токтошу же кайра уланышы белгилүү болот. Ага чейин Зеленский айрым аймактарынан баш тартышы керек деген пикирлер да бар. Алардын башында Азов деңизи, Донецкий жана Луганский аймактары турат.
Украинанын президенти Володимир Зеленский кечээги билдирүүсүндө: "Путин менен Трамп бизсиз жолугуп, Украинанын тагдырын чечпеши керек. Алар макулдашкандан кийин бизге жөн гана кабарлап койоорунан кабатыр болуп жатам", - деди.
1855-жылдан бери күн сайын жарык көргөн Британиянын The Daily Telegraph басылмасы, Зеленский орустар курчап турган аймактарын берүүгө макул болсо, анда Украинанын НАТОго мүчө болушун талап кылат деп жазды.
Путин, эгер Киевдин көзөмөлүндөгү Покровский, Славянский, Краматорский райондорун учурда ээлеп отурган аймактар менен кошо өткөрүп алса, согушту бүтүрүшү мүмкүн. Ал эми НАТО расмий Москванын "темир муштумуна" макул болуп, Украинаны кабыл алабы, ал азырынча белгисиз.
Орус лидери бир нече жолу НАТОго эскертүү берген. "Силер Орусия менен согушкуңар келеби? Франция же башка Европа өлкөсү Орусия менен согушабы? Анда эмне болот, билесиңерби? Көзүңөрдү ирмегенге жетишпей каласыңар. Бул согуштун жеңиши болбойт", - деп айткан. НАТО азырынча эки лидердин жолугушуусуна көз карашын билдире элек. Бирок Украинадагы согуштун ызасына ортоктош болоору айкын болуп калды.
Манас ОСМОН, эркин журналист