www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүштү. Сүйлөшүү 40 мүнөттөн ашык уланганын ТАСС жазып чыкты. Америкалык лидер Владимир Зеленский жана бир катар европалык өлкөлөрдүн лидерлери менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу орус лидерине маалымдады, деп билдирди Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков брифингде.
Россия жана АКШ президенттеринин сүйлөшүүсү ачык жана конструктивдүү мүнөздө өттү: "Сүйлөшүү болжол менен 40 мүнөткө созулду", - деди Ушаков.
Россия президенти Трамптын Украинадагы узак мөөнөттүү жөнгө салууга жетишүү үчүн жеке кылган аракеттеринин маанилүүлүгүн кайрадан белгиледи.
Аляскадагы өткөн жолугушуу да талкууланды: "Биздин президент америкалык кесиптешине жылуу ыраазычылык билдирди, Аляскада жогорку деңгээлдеги жолугушуунун жакшы уюштурулушу жана жолугушуунун жүрүшүндө украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча кеп козголду".
Путин жана Трамп Россия менен Украина делегациялары арасында түз сүйлөшүүлөрдү улантууну колдошту: "Украин жана орус тараптарында түз сүйлөшүүлөргө катышкан өкүлдөрдүн деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө идеясы талкууланды".
Мамлекет башчылары "Украина жана башка актуалдуу эл аралык жана эки тараптуу күн тартибиндеги маселелер боюнча кийинкиде да жакын байланышта болууга макулдашышты", - деген Ушаков ТАСС агенттигине.