www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Куралдуу күчтөрдүн штаттык санын көбөйтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Орусиянын армиясынын жалпы штаттык саны 2 миллион 426 миң 130 адамга жеткирилди. Аскер кызматкерлеринин саны 1 миллион 510 миңден 1 миллион 535 миң адамга чейин көбөйтүлдү.

Документ 1-августтан тартып күчүнө кирет. Жарлыкта бул өзгөртүү Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө аскердик-курулуш бөлүктөрүн түзүүгө байланыштуу экени белгиленген.

Буга чейин армиянын штаттык санын 2 миллион 399 миң 130 адамга жеткирүү тууралуу дагы бир жарлыкка кол коюлган. Ал учурда мындай көбөйтүүнүн себеби расмий жарыяланган эмес.

Бул 2026-жылдын март жана июнь айларындагы чечимдерден кийин акыркы алты ай ичинде армиянын санын көбөйтүү боюнча үчүнчү жарлык болуп эсептелет. Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери Владимир Путин армиянын санын алтынчы жолу көбөйттү.

Последние новости