www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын парламентинин төрагасы Магомед Даудовго Россиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен Ички иштер министрлигинин генерал-майору наамы ыйгарылганын республиканын башчысы Рамзан Кадыров билдирет.

"Россиянын президенти Владимир Путин өзүнүн жарлыгы менен Чечен Республикасынын парламентинин төрагасы Магомед Даудовго Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин генерал-майору наамын ыйгарды", — деп жазган Кадыров өзүнүн Telegram-каналында.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Даудов республиканын парламентинде "жемиштүү ишмердүүлүктөн" тышкары, атайын аскердик операцияны өткөрүү боюнча аймактык оперативдүү штабдын ишин "компетенттүү жана натыйжалуу" жетектеп жатат.

Кадыров кошумчалагандай, Даудов кандай гана тапшырма болбосун ишенип тапшырса боло турган сейрек кездешүүчү категорияга кирет.

Белгилей кетсек, Магомед Даудов ар кайсы жылдарда Чеченстандын Шали районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы, республика башчысынын жана өкмөтүнүн администрациясынын жетекчиси, аймактык парламентти 2015-жылдан бери жетектеп келет. 2007-жылы кызмат учурунда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн Россиянын Баатыры наамы ыйгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости