www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балалык-бул ар бир адамдын жашоосундагы өзгөчө мезгил, ал ички ресурстардын жетишсиздиги жана өз алдынчалуулук менен мүнөздөлөт.
Балдардын тышкы (коом) жана ички (үй-бүлөлүк) факторлордон улам келип чыккан ар кандай көйгөйлөрдүн болушу, аларды эч ким колдобосо, балага өз үй-бүлөсүнөн тышкары мээрим жана колдоо издөөгө алып келет.
Ал эми, жетим балдардын үй-бүлөсүнөн бөлүнуп өздөрүн коопсуз сезип, мамлекеттин жана коомдун колдоосуна муктаж болуп, үй менен ийгиликтүү баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө муктаж болгондугун айгинелейт.
Андыктан, прокуратура органдары тарабынан жетим балдардын укуктарын камсыз кылуу, аталган категориядагы балдардын укуктарын коргоого багытталган иш-чараларды ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жана кызмат адамдарынын ишин көзөмөлдөө прокуратура органдарынын ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.
Өлкөбүздө жетим балдар менен байланышкан көйгөйлөр улуттук деңгээлде мааниге ээ, бул маселенин коомдо жогорку актуалдуулугун көрсөтүп турат.
Коом жана мамлекет жетим балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо бардык укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануусу зарыл, анткени балдар-өлкөнүн келечеги.
Айрыкча, тажрыйба көрсөткөндөй, жетим балдардын укуктарын коргоодогу кемчиликтер тез-тез бузулуп жаткандыктан, өзгөчө көңүл бурууну жана алардын мүлктүк укуктарын, анын ичинде турак-жай жана мурастоо укуктарын коргоону күчөтүүнү талап кылат.
Алардын мүлкүнүн сакталышын көзөмөлдөөгө, мыйзамсыз бүтүмдөрдү болтурбоого, балдар үйлөрүнүн жана интернаттык мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнө өз убагында турак-жай менен камсыз кылууга көңүл буруу зарыл.
Атап айтканда, балдардын аталган категориясынын негизги көйгөйлөрүнүн жана мүлктүк укуктарын коргоо чараларынын бири:
-Турак жай көйгөйлөрү: жетим балага бекитилген же мурас катары калган турак жайга баланын укугун сактап калуу маселеси, же интернаттык мекемелерден чыккандан кийин жаңы турак жай менен камсыз кылуу маселе боюнча айрым учурларда укутары бузулууда.
- Натыйжалуу көзөмөл: Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жетим балдардын мүлкүн катуу эсепке алуусу зарыл, бирок бул багытта балдардын укуктарын коргоодо айрым тийиштүү органдар тарабынан бул маселе боюнча тийиштүү деңгээлде иш-чара алып барбагандыгы прокурордук көзөмөлдү күчөтүү талап кылат.
-Активдерди коргоо: камкорчулар тарабынан жетим балдарга тиешелүү каражаттарды туура эмес сарптоого жол бербөө, балдарга тиешелүү мүлктү (депозиттер, мурас) мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө үчүн көзөмөл жүргүзүү керек.
-Өз убагында аныктоо: тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жетим балдарды өз убагында аныктоого багытталган иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле алардын укутарын дароо коргоого милдеттүү.
Жогорудагы маселелерге көңүл бурбагандык, айрым мамлекеттик органдар жана коом тарабынан тийиштүү деңгээлде иш алып баруусуну кайдыгерлик мамиле жасоо абдан өкүнүчтүү.
Ошону менен бирге, мамлекет балдардын (анын ичинде жетим балдардын) укуктарын коргоо боюнча бир катар ченемдик актыларды иштеп чыккан, ошондой эле эл аралык жана улуттук деңгээлдерде атайын актылар кабыл алынган, мисалы, баланын укуктары жөнүндө Декларация, баланын укуктары жөнүндө Конвенция, алар жетим балага коом алдында биринчи кезекте толук укук берет.
Жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын ар бири жетим балдар үчүн укуктук гана эмес, руханий жактан да маанилүү болгон үй-бүлөгө, коргоого жана билим алууга баланын укугун тастыктайт.
Ал эми, прокуратура органдары прокурордук чара көрүү актыларын киргизүү жолу менен жетим балдардын укуктарын коргоону камсыз кылышат, ошондой эле жарандык иштер боюнча жетим балдарга тиешелүү мүлктөр (анын ичинде эсептердеги акча каражаттарын алуу) мыйзамсыз сатылып кеткен учурларда, бүтүмдөрдү мыйзамсыз деп табуу жөнүндө талаптар коюлат. Жетим балдардын кызыкчылыгында жашоо шарттарын көзөмөлгө алып, алардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын аракетсиздигине чара көрүү жана жетим балдардын укуктары бузулган учурлар аныкталганда жетим балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча соттук доолорду демилгелөө маселесине көңүл буруп келүүдө.
Ошентип, прокуратура органдары жетимдердин укуктарын коргоо боюнча чараларды көрбөгөн мамлекеттик органдардын аракетсиздигине өзгөчө көңүл буруп, мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрүп, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн прокурордук чара көрүү актыларын киргизишет!