www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Ленин районунун аймагында «Притон» ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык алгачкы эки күндүн ичинде Ленин райондук милициясына 30 жаран жеткирилген. Алардын ичинен 10уна карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-2-беренеси (Сойкулук менен алектенүү) боюнча протоколдор түзүлгөн.
Чогултулган материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо үчүн сот органдарына жиберилет.
Рейд 31-июлга чейин уланат.