www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
PRIO: 2025-жылы дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдар Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң жогорку деңгээлге жетти
Норвегиядагы Тынчтыкты изилдөө институту (PRIO) жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, 2025-жылы дүйнөдө мамлекеттердин катышуусундагы куралдуу жаңжалдардын саны Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилдеги эң жогорку көрсөткүчкө жетти.
«Конфликттердин тенденциялары» аттуу жылдык докладда өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча кеминде бир мамлекет катышкан 65 куралдуу жаңжал катталганы белгиленген. Бул 1946-жылдан берки рекорддук көрсөткүч болуп саналат.
Изилдөөгө ылайык, мамлекеттер аралык жаңжалдардын саны да кескин өсүп, акыркы 80 жылдагы эң жогорку чекке жеткен. Алардын катарына Индия менен Пакистандын, Афганистан менен Пакистандын, Камбоджа менен Таиланддын ортосундагы чек ара кагылышуулары, ошондой эле Россиянын Украинадагы аскердик аракеттери жана Израилдин Сириядагы операциялары кирген.
PRIOнун изилдөөчүсү Сири Аас Рустад быйылкы көрсөткүчтөрдү «өтө кооптуу» деп мүнөздөдү.
Баяндамада белгиленгендей, өткөн жылы куралдуу кагылышуулар жана саясий зомбулук менен түздөн-түз байланышкан 245 миңге жакын адам каза болгон. Алардын 76,5 миңге жакыны жарандык калкка каршы жасалган кол салуулардын курмандыгы болгон.
Жарандык жоготуулардын көбөйүшү негизинен Судандагы куралдуу жаңжалдар менен байланыштуу экени айтылат. Дарфур аймагындагы Эль-Фашер шаарындагы курчоолор жана массалык өлтүрүүлөрдүн кесепетинен он миңдеген адамдардын өмүрү кыйылган.
Изилдөөгө ылайык, Африка куралдуу жаңжалдар эң көп катталган аймак бойдон калууда. Континентте мамлекеттердин катышуусундагы 29 жаңжал катталган. Андан кийин Азия, Жакынкы Чыгыш, Түндүк жана Түштүк Америка, ошондой эле Европа орун алган.
Ошондой эле баяндамада дүйнөдөгү геосаясий чыңалуунун күчөшү, эл аралык кызматташтыктын алсырашы жана дүйнөнүн улам көбүрөөк поляризацияланып баратканы белгиленген.