www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ардагер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Б.Р. Айдаралиев президент Садыр Жапаровго кайрылып, уулу Айдаралиев Алмамбет Болотбековичке байланыштуу кылмыш ишиндеги жагдайларды кайрадан жана көз карандысыз иликтөөнү өтүндү.
Кайрылуунун көчүрмөлөрү Башкы прокурордун милдетин аткаруучу М.М. Бектургановго жана ички иштер министри У.О. Ниязбековго да жөнөтүлгөн.
Айдаралиевдин айтымында, уулу 4,5 кг баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал уулунун мындай көлөмдөгү затты өз алдынча табуу же алуу мүмкүнчүлүгү болбогонун белгилеп, тергөөдө баңгизаттын булагы, жеткирүүчүсү жана уюштуруучусу аныкталбаганын айтат.
Төмөндө кайрылуунун тексти өзгөртүүсүз берилди:
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Уулумдун башына түшкөн бул кайгылуу окуя биз үчүн эң оор жана чоң кайгы болду. Биздин үй-бүлөбүз баңгизатка эч качан тиешеси болбогон жана мындай окуя кантип болуп кетиши мүмкүн экенин да элестеткен эмеспиз. Менин уулум Айдаралиев Алмамбет Болотбекович адептүү, тартиптүү үй-бүлөдө тарбияланган, жакшы окуган, спорт менен жигердүү машыккан жана институтту ийгиликтүү аяктаган.
Тергөө иштери башталгандан тартып эле болуп жаткан окуялар көптөгөн суроолорду жараткан. Мен жагдайларды тактоо үчүн шаардык Ички иштер башкармалыгына кайрылганымда, тергөөнүн сырын жүйө келтирүү менен мага маалымат берүүдөн баш тартышкан. Ошол эле учурда, коргоо тарабынын процессуалдык укуктары одоно бузулган: бизге иштин материалдары, алып коюу жөнүндө протоколдор жана башка маанилүү документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Тергөө иши шашылыш жүргүзүлүп, ишти мүмкүн болушунча тез арада сотко өткөрүп берүү максаты ачык көрүнүп турган.
Бүгүнкү күнгө чейин негизги суроолор жоопсуз калууда, “баңгизаттын чыныгы жеткирүүчүсү жана булагы ким болгон?”. Менин уулум 4,5 кг көлөмүндөгү затты «көчөдөн таап алуу» же өз алдынча табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес болчу. Тергөө буюртма берүүчүнү, уюштуруучуну жана жеткирүү каналдарын аныктоого тийиш эле, ал эми тиешелүү органдардын жетекчилиги тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлдөөгө милдеттүү болчу.
Тузакка түшүрүү, буюртма мүнөзү жана опузалап акча талап кылуунун түздөн-түз фактысы
Тергөө башынан эле буюртма жана жеке пайда көздөгөн мүнөздө жүргүзүлгөн. Погондордун жана кызматтык ыйгарым укуктардын артында жашынган коррупцияга аралашкан укук коргоо органдарынын кызматкерлери — чыныгы «погондуу карышкырлар» — менин уулумду атайылап тузакка түшүрүп, ири өлчөмдөгү акча каражаттарын түздөн-түз опузалап алуу жана жеке баюу максатында ишти жасалма негизде түзүшкөн.
Кармоонун алгачкы мезгилинде жана тергөө учурунда алардын ортомчулары мага бир нече жолу келип, түздөн-түз ультиматум коюшкан. Эгер, аларга өтө чоң суммадагы акча берилсе гана кылмыш иши толугу менен жабылары айтылган.
Бул опузалап акча талап кылууга мен эки себептен улам кескин түрдө баш тарттым:
1. Каражаттын жоктугу: аталган сумма биздин үй-бүлөбүз үчүн астрономиялык жана көтөрө алгыс өлчөмдөгү каражат болчу.
2. Мыйзамга болгон ишеним: мен уулумдун күнөөсүз экенине толук ишенип, сот адилеттигине жана объективдүү соттук териштирүүгө үмүт арткам.
Акча берүүдөн баш тартканымдан кийин, дароо эле кылмыштуу механизм толук күчүндө иштей баштаган.
Алынбай калган акчанын өчү катары тергөө тарабынан катуу айыптоо багыты тандалып, иштин материалдары шашылыш түрдө жасалмаланып, иш сотко өткөрүлүп берилген. Бул жөн гана тергөөнүн катасы эмес — бул «акча өндүрүп алуу» максатында уюштурулган кылмыштуу схема болуп, адамдын өмүрү жана тагдыры шантаж кылуунун куралы катары пайдаланылган.
Бул жасалма иштин ачык-айкын буюртма мүнөзү болуп, мени жана менин үй-бүлөмдү каралоо, компроматтык жагдайларды түзүү жана менин аброюма сокку уруу максатын көздөгөн. Дал ушул мезгилде өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан мени Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги (ӨКМ КР) жетекчилик кызматка дайындоо маселеси каралып жаткан.
Сот инстанцияларындагы мыйзам бузуулар жана жасалмалоо
Ишти Жогорку сотто кароого даярдык көрүлүп жаткан учурда, документтерди жасалмалоонун болуп көрбөгөндөй фактылары ачыкка чыккан. Сотто турган кылмыш ишинин бардык материалдары табышмактуу түрдө жоголуп кеткен. Күбөлөрдүн жана күбө катары катышкан адамдардын протоколдору менен көрсөтмөлөрү толугу менен ойдон чыгарылган жана жасалмалангандыгы аныкталган. Мындай деңгээлдеги соттун материалдарынын жоголушу аларга түздөн-түз жетүү мүмкүнчүлүгү болгон адамдардын катышуусуз болушу мүмкүн эмес.
Биз адилеттүүлүккө жетүү аракетибизди уланттык. Ишти жасалмалоо жана документтердин жоголушу боюнча фактылар ачык-айкын боло баштаганда, ар кандай кызмат адамдары (анын ичинде аткаминерлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана аталары мурда укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн Жогорку Кеңештин депутаттары) процесске аралаша башташкан. Бирок, иштин материалдарын кылдат изилдеп, маңызы боюнча объективдүү иликтөөнүн ордуна, маселени саясий ызы-чуу жана формалдуу жооптор менен жаап-жашырууга аракеттер болгон.
Биз көп жылдан бери бардык инстанцияларга кайрылып келебиз. Көп күч-кубат жана ден соолугубузду кетирип, көзгө көрүнүп турган нерсени далилдөөгө жумшадык. Менин уулум тергөө тарабынан уюштурулган тузактын жана кылмыштуу мыйзамсыздыктын курмандыгы болгон. Бизге курулай айыптоолордун кереги жок — биз мыйзамдуу жана адилеттүү териштирүүнү талап кылабыз!
Урматтуу Президент!
Тергөөчү С.А.Тишков менен бирге иштеген кесиптештеринин маалыматы боюнча, ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгында кызмат өтөгөн мезгилде, мыйзамсыз схемалардан жана опузалап акча талап кылуулардан олуттуу байлык топтоп, өзүнүн активдерин адегенде Россия Федерациясына, андан кийин Германияга чыгарып, ал жакта бизнес ачкан. Азыркы учурда ал өзүн «жөнөкөй пенсионер» катары көрсөтүп, жогорку кызматтагы байланыштарын пайдаланып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга аракет кылууда.
Бүгүнкү күндө биздин талаптарыбыздын мыйзамдуулугу жана Ички иштер башкармалыгынын мурдагы кызматкеринин кылмыштуу иш-аракеттери расмий түрдө тастыкталган. С.А.Тишковго карата "Кызматтык жасалма" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул факт, ошондой эле ага карата болгон процессуалдык аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү Бишкек шаардык сотунун судьяларынын коллегиясы тарабынан 2026-жылдын 5-августунда расмий түрдө тастыкталган (No СУ-1636/26 / АБ-04-795/26СУ иши).
Бирок, күчүнө кирген сот актысы жана козголгон кылмыш иши бар болгонуна карабастан, шектүү тарап процессти кечиктирүү жана жоопкерчиликтен качуу үчүн бардык таасир этүү рычагдарын колдонууну улантууда. Мыйзамдуулукту орнотуу, жазанын сөзсүз түрдө аткарылышын камсыз кылуу жана системаны коррупциялык элементтерден тазалоо максатында, жогоруда баяндалгандардын негизинде, СИЗДЕН
ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ ӨТҮНӨМ:
1. Мени жеке кабыл алып, колумда бар бардык далилдерди жана материалдарды берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп беришиңизди.
2. Мурдагы ИИБнын кызматкери С.Тишковго карата «Кызматтык жасалма» беренеси боюнча жүргүзүлүп жаткан кылмыш ишин (иш № 03-003-2025-06-01) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 7-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду. Аталган норма Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы №117 Мыйзамы менен жаңы редакцияда кабыл алынып, укук бузуу фактысын процесстик тартипте аныктоону кийинки адилеттүүлүктү калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн мыйзамдуу негиз катары кепилдейт.
3. Уулумду тузакка түшүрүүнүн, иштин материалдарын жасалмалоонун, күбө катары катышкан адамдардын көрсөтмөлөрүн бурмалоонун, соттук документтердин жоголуп кетишинин бардык жагдайлары боюнча комплекстүү жана көз карандысыз текшерүү жүргүзүүнү, ошондой эле С.А.Тишковдун мүлкүнүн мыйзамдуу келип чыгышын жана анын активдерин чет өлкөгө чыгаруунун финансылык каналдарын текшерүүнү тапшырууңузду.
Тиркемелер:
1. Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясынын 2026-жылдын 05.08. күнкү аныктамасынын көчүрмөсү (иш № СУ-1636/26 / АБ-04-795/26СУ) — 11 баракта.
2. С.А. Тишковго карата № 03-003-2025-06-01 кылмыш ишинин козголгонун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү
Урматтоо жана маселени объективдүү кароого болгон ишеним менен,
Б.Р. Айдаралиев
Ардагер, Кыргыз Республикасынын
эмгек сиңирген куруучусу,
3-класстагы мамлекеттик кеңешчи
Тел.: 0552576849