www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга аскердик учактын кырсыкка кабылышына байланыштуу көңүл айтты.

“Азербайжан Республикасынан Түркия Республикасына бара жаткан аскердик учагы кырсыкка учураганын терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн Сизге жана Түркия Республикасынын элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен, жабыркагандардын баарына тез арада сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Последние новости