www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий визитинин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун жана ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн соң Кыргызстандын Президенти Ардактуу коноктордун китебине Германия элине эң жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырды. Расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштыруудан кийин, Мамлекеттер башчылары аскердик салтанатты көрүштү, эки өлкөнүн гимндери жаңырды, Бундесвердин ардактуу кароолун кыдырып чыгышты.
Салтанаттуу азем аяктаган соң Мамлекеттер башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бет алышты.
Булак: NazarNews.kg