www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 6-июнда Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын ортосундагы жолдоштук беттештин алдында 11 жаштагы футболчу Нурсейит Абдыев жана анын апасы Рыскул Ашырапкулова менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Нурсейит Бишкек шаарында жашап, №60 орто мектебинде билим алат.

Ал "Дордой" футбол клубунун балдар командасында машыгып, футбол менен активдүү алектенет.

Мындан тышкары сүрөт тартууга да кызыгат.

Жаш футболчунун апасынын айтымында, Нурсейит бул жолугушууну үч жылдан бери күтүп келген жана мамлекет башчысы менен жолуккан учурда абдан толкунданган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров жаш спортчуга белектерди тапшырып, ага окууда жана спорттогу ийгиликтерди каалады.

Последние новости