www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун Биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Токио шаарындагы “Ханеда” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн. 

Президент Садыр Жапаровду Япониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия жана башка расмий адамдар тосуп алышты. 

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысынын Япониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган. 

Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму да өтөт.

 

Последние новости