www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын ачылыш аземинде: “Жаңы Аскердик-медициналык кызмат коопсуздук комитетинин эле эмес, Чек ара жана 9-кызматтын аскер кызматчыларын, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин да тейлейт”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик-медициналык кызматынын жаңы имаратын ачты.

Нет описания фото.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу офицерлер жана медицина кызматкерлери!

Бүгүнкү иш-чаранын кадырлуу меймандары!

Биз бүгүн өлкө эгемендигин, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн жана республика аймагында туруктуулукту коргоп, улуттук коопсуздукту камсыздап келаткан кызматкерлердин саламаттыгына өзгөчө кам көрүү аркылуу улуттук коопсуздук системасын чыңдоонун дагы бир маанилүү баскычына өтүп жатабыз.

Бир саамдан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик-медициналык кызматынын жаңы административдик имаратын расмий түрдө ачып, ишке беребиз.

Мына ошондуктан бүгүнкү жакшы саамалык – медициналык комплекстин ишке кириши менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!

Аскердик-медициналык кызматтын тарыхы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын тээ алгачкы жылдарына барып такалат.

Өткөн кылымдын 20-жылдарында медициналык бөлүкчөлөр оор шарттарда иштеп келишкен. Кийин 1951-жылы Улуттук коопсуздук органдарынын Аскердик-медициналык кызматы өзүнчө түптөлүп, анда дарылоо мекемелеринин өздүк курамын дайындоо менен штаттык бирдиктер расмий түрдө аныкталган экен.

Ошондон бери Аскердик-медициналык кызмат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башка бөлүкчөлөрүндөй эле кесиптик милдет жана жоопкерчиликти ар дайым артыкчылыктуу баалуулук катары алдыга коюп, өз ишине берилүү менен иштеп келе жатат.

Иш-чаранын урматтуу катышуучулары!

Бүгүн ошол Аскердик-медициналык кызматтын имаратын учурдун талабына жана стандарттарына жооп бергидей жаңылоо менен, көп тармактуу медициналык комплекс катары ачып жатабыз.

Жаңы имарат өз ичине амбулатордук-бейтапкана, стационардык, тез жардам жана реабилитациялык медициналык тейлөөнү ишке ашыруучу аскердик бейтапкана жана аскердик оорукананы камтыйт. Кыскача айтканда, бул 14 кабаттуу имаратта толук кандуу жаңыланган аскердик бейтапкана иштейт.

Аскердик бейтапкананын курулушунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Кыдыршаевичтин демилгеси менен жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен камсыздалгандыгын, санарип медициналык технологиялар, жогорку технологиялык хирургия киргизилгендигин баса белгилеп кетейин.

Мындай аракеттин баары медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, дарылануунун мөөнөтүн азайтууга жана бейтаптарды ыкчам-ыкчам реабилитациялоого багытталган.

Ошентип улуттук коопсуздук кызматкерлеринин Аскердик-медициналык кызматы топтогон тажрыйбасына жана карманып келаткан салттарына таянуу менен кызматтык-күжүрмөн иштин заманбап талаптарына шайкеш келе турган өнүгүүнүн жаңы баскычына кадам таштаганы турат.

Айта кетүүчү жагдай, жаңы Аскердик медициналык кызмат коопсуздук комитетинин эле эмес, Чек ара жана 9-кызматтын аскер кызматчыларын, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин да тейлейт. Демек, аларды бүгүнкү күнгө чейин тейлеп жүргөн башка бейтапканалардын жүктөрү азая түшөт дегенди билдирет.

Буюрса, мамлекетибиз күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө мындан ары да өзгөчө көңүл бурууну улантат.

Урматтуу мекендештер!

Улуттук коопсуздугубузду көздүн карегиндей сактоого ант берип, өмүрүн арнаган атуулдарыбызга кам көрүү – бул, албетте, Ата Мекенибиздин коопсуздугуна кам көрүү дегендик.

Бул аскердик медициналык кызматтын заман талабына ылайык жаңыланышы менен өздүк курамдын өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздоо жаатында өз милдеттерин так жана таасын аткарарына, ошондой эле чекисттерибиз менен мамлекеттик бийлик институттарына элибиздин, коомчулуктун ишеними дагы да артаарына бекем ишенем.

Возможно, это изображение один или несколько человек

Возможно, это изображение больница

Жалпы система менен биргеликте бул Аскердик-медициналык кызмат кызматкерлердин ден соолугун чыңдап, саламаттыгын сактап, сүйүктүү Кыргызстаныбызды коргоо ишине өз салымын кошот деген үмүтүм чоң.

Сөзүмдүн соңунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик медициналык кызматынын кызматкерлерине жаңы имарат менен бирге жаңы дем-күч жана албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык, өнүгүү боло берсин!”.

 

Возможно, это изображение небоскреб и текст

Последние новости