www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Ермек Кошербаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Нет описания фото.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экени белгиленди.

Ошондой эле эл аралык жана чөлкөмдүк уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташуу маселелери боюнча да пикир алмашуу болуп, эл аралык аренада күч-аракеттерди мындан ары да координациялоого даярдык тастыкталды.

Нет описания фото.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер туруктуу оң динамиканы көрсөтүп, практикалык маңызга ээ болуп, ал эми мамлекеттер аралык саясий диалог бардык деңгээлде жигердүү өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Бул контекстте Президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттер менен соода-инвестициялык, транспорттук-транзиттик жана суу-энергетикалык багыттардагы маанилүү долбоорлор, анын ичинде “Камбар-Ата – 1” ГЭСинин курулушу ишке ашырылып жатканына көңүл бурду.

Өз кезегинде Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев казак делегациясына көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жылуу саламын жеткирди.

Возможно, это изображение внутри помещения

Ермек Кошербаев эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда түзүлгөн ишенимдүү диалог союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоого, туруктуулукту камсыздоого, эки элдин бакубат жашоосуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө бекем негиз катары кызмат кыларын айтты.

Ал мындан тышкары Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун артыкчылыктуу милдеттеринин бири – жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу, ошону менен катар соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактарда практикалык кызматташууга кошумча түрткү берүү экенин ырастады.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жолдоду. Ошондой эле Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаевге жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Последние новости