www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Тяньцзинь шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы "Биньхай" эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто мамлекеттик туулар илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Кытай Эл Республикасынын илим жана техника министри Инь Хэчжун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болот.

Последние новости