www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения парламентинин мурдагы депутаты, бийликтеги «Менин кадамым» фракциясынын мурдагы мүчөсү София Овсепян премьер-министр Никол Пашинянды сотко берди.
Бул тууралуу Армениянын Datalex соттук маалымат системасында жарыяланган.
Иштин материалдарына ылайык, Овсепян Пашиняндан өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирди деп эсептеген маалыматтарды эл алдында төгүндөөнү талап кылууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Никол Пашинян өзү да София Овсепянды сотко берген. Премьер-министр Овсепяндын парламенттик шайлоого байланыштуу айткан билдирүүлөрүн төгүндөөнү, эл алдында кечирим суроону жана 6 миллион драм өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү талап кылган.