www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Москва районунун Петровка айылында тигүү өндүрүшүнөн чыккан калдыктарды мыйзамсыз өрттөө фактысын аныкташты.
Маалыматка ылайык, калдыктар айылдагы мончонун аймагында өрттөлгөн.
Текшерүү социалдык тармактарга тараган видеонун негизинде жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында объекттин ээсине 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Мындан тышкары, калдыктарды мыйзам талаптарына ылайык чогултуу, сактоо жана утилдештирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай мыйзам бузууларга жол бербөө тууралуу эскертүү берилди.