www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-августта Москва районунун Петровка айылындагы Центральная көчөсүндө жайгашкан «РИМ» тойканасынын жанында мас абалындагы белгисиз адам жолго чуркап чыгып, жол кыймылынын катышуучуларына кооптуу кырдаал жараткан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат түшкөндөн кийин окуя болгон жерге Москва районунун милиция кызматкерлери барып, тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүшкөн.
Маалымат берген 2002-жылы туулган С.А. аттуу жаран балдары менен Бишкекке бара жаткан учурда 35–40 жаштар чамасындагы белгисиз эркек киши жолго чуркап чыкканын билдирген. Айдоочу унаасын токтоткондон кийин, ал адам сөгүнүп, коркутканын айткан.
Учурда окуя боюнча тиешелүү материалдар мыйзам талаптарына ылайык каралууда. Жыйынтыгында мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.