www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекинде роботтор иштеткен ашкана ишке кирди

Пекиндин Фэнтай районунда роботтор тамак жасап, кардарларга жеткирген толук автоматташкан ашкана тесттик режимде иштей баштады.

400 чарчы метрлик жайда роботтор камыр жууруп, кесип, бышырып, соус кошуп, даяр тамакты кардардын үстөлүнө чейин жеткирет. Бир порция лапша болжол менен 3 мүнөттө даяр болот.

Долбоорду Beijing Yuli Technology Co. компаниясы иштеп чыккан. Учурда ресторан технологияларды сыноо үчүн колдонулууда. Кардарлар үчүн толук ачылышы августтун аягына пландалган.

Долбоор Пекиндин 2025–2027-жылдарга карата робототехниканы өнүктүрүү планынын алкагында ишке ашырылууда.

Последние новости