www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын жана Азербайжандын лидерлери жума күнү Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамптын катышуусу менен алардын өлкөлөрү ортосундагы тынчтык мамилелери тууралуу Декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу BBC маалымдайт.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол койгон декларацияда буга чейин макулдашылган тынчтык келишимине кол коюуга жана ратификациялоого карай аракеттеринин зарылдыгы айтылган.

Азербайжандын жана Армениянын тышкы иштер министрлери Вашингтондо келишимди парафирлешти, башкача айтканда макулдашылган текстти бекитишти.

Декларациянын текстинде “Алиев, Пашинян жана Трамп Азербайжан Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы тынчтыкты жана мамлекеттер аралык мамилелерди орнотуу жөнүндө Макулдашуунун текстин парафирлөөдөн кийин «Макулдашууга кол коюу жана андан ары ратификациялоо үчүн кошумча кадамдарды улантуу зарылдыгын моюнга алышты, ошондой эле биздин өлкөлөр ортосундагы тынчтыкты камсыз кылуунун жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти», деп айтылат.

Мындан тышкары, декларацияда аймактагы коммуникацияларды ачуунун маанилүүлүгү жана Азербайжандын негизги аймагы менен анын эксклавы Нахичевандын ортосунда Армениянын аймагы боюнча, Иран менен чек арасын бойлото транспорттук коридор түзүү тууралуу айтылган.

Последние новости