www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения жакын арада Евробиримдикке (ЕБ) мүчө болуу үчүн арыз берүү процессин баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян парламентте билдиргенин NEWS.am басылмасы жазды.
Анын айтымында, референдум өткөрүү үчүн өлкө алгач ЕБге мүчө болуу боюнча расмий арыз берип, талапкер макамын алышы керек. Андан кийин мындан аркы аракеттердин планы иштелип чыгат.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Пашинянды өлкөнүн ЕБге же Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуусу боюнча референдумду мүмкүн болушунча тез өткөрүүгө чакырган. Анын айтымында, мындай учурда мамилелерди тынч жол менен токтотууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.