www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын аскердик авиациясы 25-ноябрга караган түнү чек арага жакын Хост провинциясынын Горбаз уездинде жайгашкан турак үйгө сокку уруусунан улам тогуз бала жана бир аял каза болду.

Бул тууралуу Tolonews Plus Telegram-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кунар жана Пактика провинцияларында да абадан жасалган соккулардын натыйжасында бир нече жай тургун жаракат алышкан.

Ооганстандын жогорку лидериндин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Х социалдык тармактагындагы баракчасында билдиргендей, түн ортосунда Пакистандын Аба күчтөрү Хост провинциясынын Горбаз районундагы жай тургундардын үйүн бомбалаган.

Анын айтымында, чабуул Мугалгай калктуу конушунда болгон, анда беш эркек бала жана төрт кыз, ошондой эле бир аял каза болгон. Ооган үй-бүлөсүнүн үйү толугу менен талкаланган.

“Ушул сыяктуу чабуулдар Кунар жана Пактика провинцияларында да жасалып, төрт жай тургун жабыркады”, — деди басма сөз катчысы.

Последние новости