www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Ош шаарындагы “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотту.

Маалыматка ылайык, кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн жарандардан системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылып келишкен.

Тергөөдө алардын чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамсыз жол менен легалдаштырып, жеке пайда көргөнү аныкталган.

22-апрелде жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери уланууда.

Последние новости