www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Исмаил Ата» мечитинде өзбек тилине которулган «Жалолайн Тафсири» китебинин өзбек тилиндеги котормосунун бет ачары өткөрүлүп, ага дин кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Иш-чарада КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров жана Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаевдер баяндама жасап, даярдалган эмгектин диний окуу жайларда окуп жаткан студенттер үчүн маанилүү экендигин айтып өтүштү.

Китептин бет ачарына катышкан дин кызматкерлери үчүн даярдалган китептер белек кылынды.

Айта кетсек, Кара-Суу районундагы «Апиза эне» ислам институтунун мугалими Халилуллах Эсонбой уулу тарабынан «Жалолайн Тафсири» өзбек тилине которулуп даярдалган. Халилуллах Эсонбой уулу бул котормого чейин ондон ашуун чакан диний китептерди которуп келген.

Последние новости