www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлөт

Ошто өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун комендатурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, комендант Малик Нурдинов жазгы талаа жумуштары жүрүп жатканына жана күндүн узарганына байланыштуу коменданттык сааттын убактысын 16-апрелден тарта кечки саат 21.00дөн таңкы 6.00гө чейин белгилөө боюнча буйрук чыгарган.

Белгилей кетсек, буга чейин коменданттык саат 20.00дөн эртең мененки 7.00гө чейин киргизилген.

Ал эми коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости