www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында социалдык тармактарда экстремисттик мазмундагы материалдарды тараткан деген шек менен аял кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында жарыяланган материалдар Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдарга байланыштуу экени аныкталган.

Аялга карата «Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу» беренеси боюнча эки кылмыш иши козголгон.

Шектүү — Ош облусунун тургуну, 1988-жылы туулган Б.М. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши сотко өткөрүлгөн.

Последние новости